24.kg
12:00, 04 октября 2019, 24.kg

Кыргызстандагы 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат

Кыргызстандагы 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, бекемдөө жана социалдык, жеке мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында, билим берүү министри Каныбек Исаков жана «Дордой офтальмик-сервис» көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов атайын келишимге кол коюшту.

«Өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерлерине көз катарактасын алдын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат. Билим берүү кызматкерлеринин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18