24.kg
11:18, 04 октября 2019, 24.kg

Салык декларациясын өз убагында тапшырбагандардын тизмеси жарыяланды

2018-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмеси жарыяланды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 3-октябрга карата 1 миң 202 кызматкер декларация тапшырган эмес.

«Арасында Мамлекеттик каттоо кызматынын 25, Жогорку Кеңештин 22, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 16, Каржы министрлигинин 13, Салык кызматынын 12 кызматкери бар. Мындан тышкары Адилет министрлигинин 7, ӨКМнын 7, Бажы кызматынын 6, ТИМдин 6 жана башка органдардын кызматкерлери салык декларациясын өз маалында тапшырышкан эмес», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, былтыркы жылга салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18