24.kg
10:15, 04 октября 2019, 24.kg

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы. Толук метраждуу даректүү тасма тартылууда

Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык маарекесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйында айтылды.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмердин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. Бүгүнкү күнү уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу иштери жүрүп жатат, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.

«Бүгүнкү күнү бир катар маданий, илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, сынактар өткөрүлүп, биографиялык басылмалар даярдалып жатат. Жыл башынан бери республика боюнча ачык сабактар, класстык сааттар, илимий-практикалык конференциялар жана музейдик көргөзмөлөрдү өткөрүү уланууда. Мындан тышкары жүз жылдык маарекеге арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда», — деп билдирди министр.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18