24.kg
13:53, 03 октября 2019, 24.kg

Сауд фонду айылдарды таза суу менен камсыз кылуунун алкагында акча берүүгө даяр

Сауд фонду айылдарды таза суу менен камсыз кылуунун алкагында акча берүүгө даяр. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Келишимге ылайык, фонд Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

«Эгерде долбоор ишке ашырылса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 миллион доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, анын аткаруу мөөнөтү — 4,5 жыл», — деп кошумчалады ал.

Маалыматка таянсак, Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар. Быйыл 44 айылга суу жеткирилет. 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы баардык айылдар таза суу менен камсыз болот, анын ичинде Талас аймагы да бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18