24.kg
11:34, 03 октября 2019, 24.kg

Аида Касымалиева: Түптө окуучулар мончонун имаратында окуп жатышат

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Каркыра айылында 3-4-класстын окуучулары мурунку мончонун имаратында окуп жатышат. Бул тууралуу пленардык отурумда депутат Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, мончо 1978-жылы курулган. Бирок, бүгүнкү күндө ал мектепке айланган. «Каркырада башка имарат жок», -деди ал.

«Жакын жайгашкан мектептерге барып келүү алыстык кылат. Балдар мурунку мончодо окуганга мажбур. Аталган мончонун дагы бир бөлмөсүндө айылдын фельдшери бейтаптарды кабыл алат», -деп кошумчалады депутат.

Эске салсак, жаңы окуу жылынын башталышында Нарын облустук администрациясынын аткаминерлери контейнердин фонунда түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Сүрөттүн алдында Кеңеш айылынын окуучулары ушул мектепте убактылуу окуй турганы жазылган. Бул окуя коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынган болчу. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18