24.kg
11:26, 03 октября 2019, 24.kg

Малайзия султаны аялы менен уулун таштап кетти. Оксана Воеводинанын ачык маеги

«Москва сулуусу» Оксана Воеводина Малайзиянын мурдакы султаны Мухаммед V Фарис Петра менен мамилеси тууралуу ачык интервью берди.

Ал Daily Mail журналына берген маегинде 2018-жылдын ноябрь айында турмушка чыккан жолдошу декабрь айынан бери аны менен байланыша электигин белгилейт.

«Ал декабрь айында боюмда бар кезде кеткен. Ошондон бери жок. Мен аны менен жана анын жакындары менен байланышып сүйлөшүү аракетимден майнап чыккан жок», — дейт Оксана Воеводина.

Оксана Воеводина уул төрөп, аны өзү тарбиялап, камсыздап жатканын белгилейт.

«Баламды өзүм камсыздап жатам. Үй-бүлөм дагы жардам берүүдө. Фарис ойгон, сенин балаң бар. Анын азыр атасы менен таанышышын каалайм. Мен ДНК тесттен өтүүгө дагы даярмын», — дейт ал.

Photo 137851

Оксана Воеводина жолдошу аны менен ажырашып жатканын интернеттен билгенин айтты.

«Мага эч ким ажырашуу боюнча кагаз жөнөткөн жок. Эч ким менин көзүмчө мага үч талак берген жок», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Малайзиянын ханышалыгы Оксана Воеводинанын социалдык тармактагы билдирүүлөрүн сынга алып, Мухаммед Фарис Петро «Москва сулуусу» менен байланышы үчүн өкүнөрүн жарыялаган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18