24.kg
09:08, 03 октября 2019, 24.kg

Быйылкы жылдын августунда жылдык инфляциянын көлөмү 2 пайызды түздү

2019-жылдын августунда жылдык инфляциянын көлөмү 2 пайызды түздү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алуу маалында айтылды.

Жолугушууда акча-кредиттик саясатын жүргүзүү ишмердиги, банктык жана төлөм системасынын азыркы кырдаалы, ошондой эле өлкөдөгү баа жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар талкууланды.

Президент аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруунун алкагында район жана облустардагы экономикалык долбоорлорду колдоо боюнча коммерциялык банктар жана каржы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстанда баалардын туруктуулугу камсыз кылынып жаткандыгын айтты. Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты экономикадагы активдүүлүккө дем берүүгө багытталган: эсептик ставка (4,25%) төмөндөдү жана кредиттик операциялар жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Улуттук банк 2019-жыл ичинде жалпы көлөмү 36 миллиард сомду түзгөн 27 кредиттик аукцион өткөргөн. Анын ичинде көпчүлүк бөлүгү — 27 миллиард сом аймактарды өнүктүрүү максаты үчүн кредиттик аукциондордун алкагында сунушталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18