24.kg
16:13, 02 октября 2019, 24.kg

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келди

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келди. Бул тууралуу ИИМдин медицина кызматынын башчысы Нурдин Метеров Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда билдирди.

Буга чейин Самат Курманкуловдун абалы акырындык менен жакшы болгондугу, ал сүйлөй албаса дагы баардык кыймылдарга реакция берип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

Нурдин Метеровдун айтымында, Самат Курманкуловдун колдору жана буттары өз алдынча кыймылга келе баштады. «Реакция бар, мен кечээ аны менен сүйлөштүм. Самат Курманкулов сүйлөй алат, бирок толугу менен калыбына келе элек», -деди ал.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашкан. Аны Москвага дарылануу үчүн алып кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18