24.kg
15:01, 02 октября 2019, 24.kg

Талды-Булак Сол жээк кенинде быйыл 3 миң 800 килограмм алтын өндүрүү пландалууда

Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенинде быйыл 3 миң 800 килограмм алтын өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында маалым болду.

Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты. Анда экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө ишкананын өндүрүш процесси, жумушчулардын эмгек жана жашоо шарттары тааныштырылды.

«Биз Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында бул сыяктуу ишканалардын ишмердүүлүгүн кен объекти жайгашкан аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө аракеттештирүү багытына бурууну көздөйбүз. Кыска мөөнөттүн ичинде биз натыйжалуу жыйынтыктарга жетишкенибизди белгилеп кетким келет. Мисалы, эки жыл мурда алтын өндүрүүчү ишкананын жумушчуларынын айлык акысы 8-10 миң сом өлчөмүндө болсо, бүгүнкү күнү мында орточо айлык киреше салык жана социалдык чегерүүлөрдү эске алганда 40 миң сомдон жогору», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Эске салсак, бүгүнкү күнү ишканада 1 миң 500дөн ашуун кызматкер иштейт, алардын 95 пайызы кыргызстандыктар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18