24.kg
14:17, 02 октября 2019, 24.kg

Орусияда бокс боюнча кыргызстандык машыктыруучу сабалды. Ал бүгүн каза болду

Орусиядагы Ленинск-Кузнецкий шаарында бардын 32 жаштагы кардары бокс боюнча кыргызстандык машыктыруучуну сабап салды. Жаш жигит ооруканада көз жумду. Бул тууралуу «Газета Кемерово» басылмасы Кемеров облусу боюнча ИИМдин башкы башкармалыгына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, шектүү кармалды. Ал шаардагы барлардын биринен кардарлардын бирөөсү кыз менен урушуп жатканын көргөн. Шектүү жаш жигитти сыртка алып чыгып мушташа кеткен. Ал машыктыруучунун башын бир канча жолу асфальтка урган.

«Күбөлөр окуя болгон жерге тез жардам чакырышкан. Шектүүгө карата кылмыш иши козголду. Ал 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн», -деп айтылат маалыматта.

Маалыматка таянсак, каза болгон жаран 25 жаштагы Болот Атакулов болуп чыкты. Ал бүгүн каза болду.

«Учурда маркумдун достору анын сөөгүн Кыргызстанга жиберүү үчүн акча чогулта башташты. Кузбасста спортчунун студент карындашы эле калды. Ал чыгымдарды жалгыз өзү көтөрө албайт», -деп жазылат билдирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18