24.kg
13:47, 02 октября 2019, 24.kg

Балдарга тийишпегиле. Искендер Матраимов жээнинин билдирүүсүнө түшүндүрмө берди

Депутат Искендер Матраимов жээнинин атынан тараган соцтармактагы билдирүү боюнча 24.kg агенттигине түшүндүрмө берди.

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганынын айтымында, анын жээни соцтармактын колдонуучуларына жооп бериши мүмкүн эмес.

«Кыз 18 жашка гана чыкты. Ал болгону залды ижарага алып туулган күнүн өткөрдү. Ага 3-4 курбусун чакырды. Муну эмнеге жактырбай жатышат? Бүгүн болсо фейк жаңылык жарыялашты. Кыз депрессияда жүрөт, үйдөн чыккан жок. Мындай убакта ким жазат? Саясатта биз менен күрөшүшсүн, балдарга тийишпесин. Жооп жазды дегендерге мен 100 пайыз кепилдик менен ал кыз өзү жазган жок деп жооп берем», -деди Искендер Матраимов.

Эске салсак, бүгүн интернетке Назик Матраимованын билдирүүсүнүн скриншоту тараган. Ал жакынкы күндөрү 18 жашын Бишкектеги Hyatt Regency Bishkek мейманканасында белгилеп, коомчулук аны кызуу талкууга алышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18