24.kg
12:01, 02 октября 2019, 24.kg

Чек арадагы кагылышуу. УКМКнын кызматкерлерине кол салгандар кармалды

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун «Чалдовар» көзөмөл өткөрүү пунктундагы бейбаштык фактысы боюнча 3 киши кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

УКМКнын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар арасында болгон кагылышуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

«Чалдовар айылынын 29, 23, 26 жаштагы тургундары кармалды. Алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда», -деп билдиришти башкармалыктан.

Эске салсак, 28-сентябрда көзөмөл өткөрүү жайынан ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп жатышкан УКМКнын кызматкерлерин жергиликтүү тургундар сабап салышкан. Урушту токтотуу үчүн Чек ара кызматынын кызматкерлери абага ок чыгарышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18