24.kg
11:39, 02 октября 2019, 24.kg

Мектептердеги акча чогултуулар. Нааразы ата-энелер митингге чыгышты

Бишкекте «Ак үйдүн» алдында Кыргызстандагы мектептерде окуган балдардын ата-энелери чогулушту. Алар мектептердеги акча чогултууга нааразы болушууда. 

Митингге чыккан ата-энелердин жанына милиция келип, Чүй проспектисинде нааразычылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилигендиги тууралуу соттун чечимин көрсөтүштү. Алар ата-энелерге Горький атындагы гүлбакчага барууну сунушташты.

Photo 137733

«Өкмөттөн комиссия келет деп убада кылышты, биз бул жактан күтөбүз деп чечим кабыл алдык», -деди «Кыргызстан аялдары» коомдук бирикменин төрайымы Замира Мамбетова. Айтымында, жакында эле министр «республикадагы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу тууралуу» буйрук чыгарган. 

«Бирок, ошондой эле буйрукка мурдагы министрлер дагы кол коюп келишкен. Документте мугалимдер жана директорлор аралашпасын деп көрсөтүлгөн. Бирок, камкордук кеңеши, ата-энелер комитети акча талап кылышууда», -деди Замира Мамбетова.

Ата-энелердин айтымдарында, техникалык кызматкерлер менен күзөтчүлөргө акча сурап жатышат. «Эмне үчүн биз күзөтчү жалдашыбыз керек? Депутаттардын канча күзөтчүсү бар, эмнеге мектеп үчүн бөлүп бере алышпайт?», -деп нааразы болушту алар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18