24.kg
11:18, 02 октября 2019, 24.kg

Кыргызстанда кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн орус жараны кармалды

Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталды. Ал Москвада жүргөн. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, Красноярск крайынын тургуну, 1969-жылы туулган Ю.Н. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2,3-пунктарында (Кызматтык абалды пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталып, издөөдө жүргөн.

Аталган жаран, 2016-жылы апрель айында ЖЧКнын биринин директору болгон учурунда башка ЖЧК менен нефтини ташуу боюнча жалпы суммасы 328 миң 604 долларына келишим түзүп, андан соң нефтини алгандан кийин ЖЧКнын директору Ю.Н. келишимдин шарттарын аткарбастан, жашырынып кеткен.

Ал өзүнүн иш-аракети менен ЖЧКга жалпы суммасы 22 миллион 696 миң 400 сомду түзгөн материалдык чыгым келтирген. Издөөгө алган тарап маалымдалып, 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык маселелер чечилип жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18