24.kg
09:06, 02 октября 2019, 24.kg

Россиянын журналисти Андрей Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурады

Россиянын журналисти Андрей Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурады. Кечээ ал «Прямой эфир» берүүсүндө өзүнүн жана телеканалдын атынан кечирим сурады.

«Мени бүгүн Россия жана Кыргызстандын тургундарын угуусун каалайм. Эгер бирөөнү кокустан таарынтып алган болсом, кечирим сурайм. Биз баардык көрүүчүлөрүбүздү сыйлайбыз. Кечирип коюңуздар», — деди Малахов ал берүүнүн аягында. Эскерте кетсек, өткөн жумада «Россия 1» каналында көрсөтүлгөн берүүдө миллиардер Аленсандр Маруговдун уулу каза болгон жол кырсыгы талкууланган. Жол кырсыгында мотоцикл менен такси кагышып, мотоциклдин айдоочусу көз жумган. Андрей Малахов анда таксинин кыргызстандык айдоочусу Исламбек Акбаровду буйрутма менен адам өлтүрүүгө күнөөлөгөн. Алып баруучунун пикиринде, 10 доллар айлык акы алып, чатырда үй-бүлөсү менен чогуу күн кечирип жүргөн кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баарына даяр.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18