24.kg
17:14, 01 октября 2019, 24.kg

Окуучулардын чачын күчтөп алган мугалим жоопкерчиликке тартылды

Өзбекстандын Самарканд облусунун Ургут районунда күч менен жогорку класстын окуучуларынын чачын алып, кайчы менен башына жаракат келтирген мугалим дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

«Эмгек кодексинин тиешелүү нормаларына ылайык, тапшырманы аткарбагандыгы жана көңүл коштук кылгандыгы үчүн № 47 мектептин директорунун орун басары Шухрат Очиловго сөгүш жарыяланды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Бирок анда мугалим Эмгек кодексинин кайсыл беренеси менен жазаланганы так айтылган эмес.

Өткөн жумада Ургут районундагы аталган мектепте жогорку класстын 20дан ашык окуучусунун чачы күч менен алынганы кабарланган. Алар социалдык түйүндөргө сүрөттөрүн жарыялап, мугалим баштарына кайчы менен жаракат келтиргенин билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18