24.kg
16:36, 01 октября 2019, 24.kg

Жалал-Абад шаарынын 136 миң 800 тургуну таза суу менен камсыз болот

Жалал-Абад шаарынын 136 миң 800 тургуну таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда маалым болду.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу тутумдары 1950-1960-жылы курулгандыктан, азыркы учурда суу түтүктөрүнүн жабдуулары реабилитациялоого жана реконструкциялоого муктаж. Мындан улам, «Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)» долбоорун ишке ашыруу үчүн, финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүдө.

Долбоордун жыйынтыгы менен 136 миң 800 адамдын таза суу менен камсыз болот, жугуштуу оорулардын саны кыскарат.

Долбоордун жалпы наркы 9,275 миллион еврону түзөт. Насыя 15 жылга 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен Euribor +1,0 пайыз (өзгөрүлүп туруучу пайыздык коюм) аркылуу берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 3 жыл.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18