24.kg
10:31, 01 октября 2019, 24.kg

Кыргызстандын калкы улгаюу босогосуна жакындады: 65 жаштагылар 4,7 пайызды түзөт

2019-жылдын башында 65 жаштагылар жана андан улуулар 301 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,7 пайызын түзүп турган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ төмөн (2018-жылы бул көрсөткүчтөр Азербайжанда 6,8 пайыз, Казактанда 7,3 пайыз, Арменияда 11,9 пайыз, Россияда 14,6 пайыз, Белоруссияда 15,2 пайыз) болгон.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы адамдардан улуулардын саны 1950-жылы туулган, согуш маалындагы муунга салыштырмалуу көп сандагы адамдардын пенсия курагына өткөндүгүнүн эсебинен жылыга көбөйүп бара жатат.

2019-жылдын башында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу 500 миңге жакын адам же өлкөнүн ар бир сегизинчи жашоочусу болгон. Эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу эркектердин (63 жаш жана андан улуулар) саны 150 миңди же эркектердин 4,7 пайызын түзсө, аялдардын саны (58 жаштагылар жана андан улуулар) 349 миңге жакын адамды же жалпы аялдардын 10,8 пайызын түзөт. Ошол эле учурда ушул курактагы аялдардын саны эркектердикине караганда 200 миң адамга же 2,3 эсе көп.

Ушул жагдайдан алганда эмгекке жарамдуу курактан улуу жашоочулардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, себеби алардын өмүрүнүн узактыгы эркектердикине салыштырмалуу жогору. 2018-жылы эркектердин күтүлүп жаткан өмүрүнүн узактыгы 67,4 жаш болсо, аялдардыкы 75,6 жашты түзгөн. Өмүрдүн узактыгы боюнча ажырым эркек менен аялдардын өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктарга байланыштуу: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда болжол менен бир жарым эсе жогору.

Пенсиялык куракка чейин жашоо ыктымалдыгы аялдарда 90 пайызды түзсө, эркектердики 70 пайызды гана түзөт. Бул жерден аялдардын пенсияга чыга турган курагы беш жылга эрте келерин эске алыш керек (эркектердики — 63 жаш, аялдардыкы — 58 жаш). Азыркы 60 жаштагы аялдар орто эсеп дагы 20 жылдай, ал эми эркектер — 14 жыл жашоо ыктымалдыгы бар.

БУУнун жаш курак боюнча классификациясына караганда, эгер жалпы калктын эсебинде 65 жаштагылар жана андан улуулардын саны 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Эгер 4төн 7 пайызга чейинки интервалда болсо, калк улгаюу босогосунда, эгер 7 пайыздан жогору болсо анда улгайган калк деп саналат.

Улгайган адамдардын эл аралык күнү 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18