24.kg
15:22, 30 сентября 2019, 24.kg

«Бул жашоо, өмүр бир келет». Чыпалак баатыр эми ырдай баштайт

Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов эми ырдай баштайт. Бул тууралуу «Super.kg» сайты анын продюсер-менеджери Мыктыбек Ашырбай уулуна шилтеме берип жазды.

Ырдын аталышы- «Бул жашоо, өмүр бир келет».

«Чыпалак баатыр мага ырдап чыккысы келгенин айтты. Мен алгачкы ыр анын жашоосу тууралуу болсун дедим. Чыпалак баатыр мага башынан өткөн окуяларын, турмушун айтып берди. Дароо эле ырдын картинасы көз алдыма келип текстин, андан соң обонун жаздым. Баары даяр болгондон кийин студияга барып аранжировкаладык. Чыпалак баатыр өзүнө тиешелүү тексттерди ырдады, мен рэпти айттым», -дейт продюсер.

Чыгарманы социалдык тармактарга аудио форматта жарыялашты. Учурда клип тартууга демөөрү издеп жатышат.

Photo 137527

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18