24.kg
14:02, 30 сентября 2019, 24.kg

Орок айылындагы жаңжал. Эки тургун октон жаракат алышкан

Сокулук районундагы Орок айылында болгон жаңжалда 2 тургун октон жаракат алышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, эки бейтап тең кечээ ооруканага түшкөн.

«Алгач бирөөнү жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан, бүгүн эртең менен палатага которушту. Экинчисин дароо эле хирургия бөлүмүнө алып келишкен. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык. Операцияга муктаждык жок», -деп билдиришти аталган ооруканадан.

Кечээ Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Орок айылында жаңжал чыккан.

Эске салсак, Орокто буга чейин да жаңжал чыккан. 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18