24.kg
13:42, 30 сентября 2019, 24.kg

Өкмөт башчы мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу жөнүндө токтомго кол койду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Кабыл алынган чечимге ылайык, билим берүү уюмдарынын айрым типтеринин адистик диплому бар педагогикалык кызматкерлерине айлык акы төлөө шарттары магистр программасы боюнча жогорку билимдүү кызматкерлерге теңдештирилет. Өкмөттүн чечими аркылуу жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30 пайызга көбөйөт.

«Эмгек акысын мынчалык көтөрүүгө каражаттарды табуу кыйла кыйын болору тууралуу бардык скептикалык божомолдорго карабастан, биз аларды таптык. Жыл аягына чейин бул кошумча 1,7 миллиард сомду талап кылат, кийинки жылы — 7 миллиард сом. Өкмөт билим берүү тармагынын 120 миңге жакын кызматкеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн бюджеттен зарыл каражаттарды тапканын баса белгилеп кетким келет. Мамлекет жарандарыбыздын билим алуусуна жана саламаттыгына байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурат жана мындан ары карай дагы бул чөйрөлөргө колдоо жана каржылоо көрсөтүү үчүн аракет көрөт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18