24.kg
11:07, 30 сентября 2019, 24.kg

Ошто «Азаттыктын» операторуна кол салышты. Милиция кылмыш ишин козгоду

Ошто «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Азаттык» радиосунун кызматкерлеринин жана Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн жашоочуларынын катышуусунда болгон окуя Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери уланууда.

«Бүгүнкү күндө мурда катталган үч арыздын алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат. «Азаттык» радиосунун оператору өз арызында белгилеген видеоаппаратураларды тартып алган жарандар аныкталып, алар тергөө кызматына өз көрсөтмөлөрүн берип жатышат. Алынган видеоаппаратура ал жарандар тарабынан акт негизинде тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Тергөө иштеринин алкагында алынган далил буюмдар буюм ээлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт жана тартылып алынган видео-фото тасмалар болгон болсо-атайын экспертиза дайындалат», -деп айтылат маалыматта.

Айбек Кулчумановго анын жаратынын оор-жеңилин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Ушундай эле экспертиза Супаналиев көчөсүнүн жашоочусу, башына дрон түшкөн жаранга карата дагы дайындалып, аталган көчөнүн жашоочуларын күбө катары суроо улантылууда.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Ошто «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов Раим-миллион катары таанылган Райымбек Матраимовдун үйүнүн жанынан видео тартып жаткан. Бул убакта үйдүн аймагынан бир канча киши чуркап чыгып, журналисттин колун толгоп дрондун пультун, телефонун жана камерасын тартып алышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18