24.kg
10:58, 30 сентября 2019, 24.kg

Мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө кошумча 1, 742 миллиард сом керек

Билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө кошумча 1, 742 миллиард сом керек. Бул тууралуу маалымат жыйында Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Ал айлык акыны көбөйтүү- президенттин тапшырмасы экенин эскертти.

«Өкмөт 120 миңден ашуун кишиге айлыктын көлөмүн аныктоо жана эсептөө боюнча чоң иш жасады. Алар орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери, балдар бакчаларынын тарбиячылары жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлери», -деди Улукбек Кармышаков.

Ал кошумчалагандай, административдик персоналдардын дагы айлыгы көтөрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18