24.kg
10:16, 30 сентября 2019, 24.kg

Милиция дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кызды тапты

Бишкекте милиция дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кызды тапты. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда Биринчи Май РИИБга Бишкектин М.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал М.Б. аттуу кызын табышууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

«Өспүрүм 27-сентябрда болжол менен саат 19:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кызды 29-сентябрда Ош базарынын аймагынан табышты. Аны ата-энесине өткөрүп беришти», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18