24.kg
16:04, 27 сентября 2019, 24.kg

Күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн ЖЭБге 1 миллион 114 миң тонна көмүр керек

Күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек ЖЭБге 1 миллион 114 миң тонна көмүр керек. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында айтылды.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин карашты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргендей, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан 680 миң тонна көмүр ташылып келинген. Анын 150 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөгү көмүрдөн жана 2 миң 800 тоннасы импорттолгон көмүр.

«Зарыл көлөмдөгү газды ташууга келишим түзүлгөн. Мазут ташууга тендер жарыяланган. Жакын арада жеңүүчү белгилүү болот. Бишкек ЖЭБинде 1 миң 200 тонна мазут болсо, Ош шаарынын ЖЭБинде — 4 миң тонна мазут бар. Алгачкы мезгилге бул көлөм жетиши керек. Социалдык объекттерди жана калкты көмүр менен камсыздоо иштери пландаштырылган график боюнча жүрүп жатат», — деп билдирди ал.

Премьер-министр көмүрдүн баасы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш экенин айтып өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18