24.kg
15:04, 27 сентября 2019, 24.kg

Нарын шаарынын мэрлигине 3 талапкер ат салышууда

Нарын шаарынын мэрлигине 3 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, катталгандардын тизмесинде Эмилбек Чымылдаков турат. Ал шаардын мэриясынын алдында муниципалдык менчик башкармалыгын жетектейт. Анын талапкерлигин шаардык кеңештин «Ала Тоо Ынтымагы» фракциясы көрсөткөн. КСДП фракциясынан Сталбек Мукамбетов талапкерлигин койду. Ал Нарын шаардык кеңешинин депутаты. Дагы бир талапкер -«Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Нурбек Молдокадыров. Ал Ак-Талаа районунун акими.

Мэрди шайлоо өнөктүгү 1-октябрда болот. Эске салсак, мурунку мэр Эмилбек Алымкулов 6-сентябрда кызматтан кетип, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Ал эми өкмөттүн мурунку өкүлү Аманбай Кайыпов 2-сентябрда контейнер мектептин ачылышынан кийин отставкага кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18