24.kg
14:08, 27 сентября 2019, 24.kg

Парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат коротулат

2020-жылы парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат коротулат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн отурумунда айтты. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылы бардык чыгашаларды ички булактардан келип түшкөн кирешенин эсебинен жабуу пландалууда. Тактап айтканда салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн эсебинен жабылат. Ал эми тышкы карыздар жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

«Биз бюджеттин долбоорунда бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин айлык акы фондун 10,7 миллиард сомго көбөйтүүнү пландап жатабыз. Мугалимдердин айлык акысын жогорулатууга байланыштуу эле келерки жылы кошумча 7 миллиард сом, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине — 2,3 миллиард сом талап кылынат. Ошондой эле мамлекет кийинки жылга пландалган ири иш-чараларга, анын ичинде парламенттик шайлоого байланыштуу мыйзам чегинде 1,2 миллиард сомдон ашуун кошумча каражат бөлөт», — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18