24.kg
11:55, 27 сентября 2019, 24.kg

Салыктын жыйымдар азайды. Өкмөт жөлөкпул, пенсияны убагында төлөөнү убадалайт

Жөлөкпул, пенсия жана маяналар өз убагында төлөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Ал социалдык төлөмдөр тууралуу кеп болгондо, өз убагында төлөнбөйт деп айтууга болбойт деди. «Бул төлөмдөр мыйзамда каралган. Мындан улам баардыгы өз убагында төлөнөт», - деди өкмөт башчы.

«Эгерде кандайдыр бир маселелер болсо азыр айткыла. Менин маалыматым боюнча каражат жетиштүү», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы соцфонддун башчысы Медер Ирсалиевдин, салыктын планы аткарылбаса 2020-жылдын башында пенсия төлөнбөй калышы мүмкүндүгү боюнча билдирүүсүнө эч кандай маселе жаралбай тургандыгын белгиледи. 

«Биз каражатты чогултуу милдетин Соцфонддон Салык кызматына өткөрүп бердик. Системаны өз ордуна коюп жатабыз. Сиз бул нерселерди айтып жатканыңыз үчүн кызматтан кетишиңиз керек. Муну министрлер эмес, эксперттер, аналитиктер айтса болот. Эгер тобокелчиликтер болсо азыр айтыңыз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18