24.kg
10:23, 27 сентября 2019, 24.kg

Centerra Gold директорлор кеңешинин төрагасы алмашканын жарыялады

Centerra Gold Inc. алтын кен иштетүүчү компания ушул жылдын 1-октябрынан тарта директорлор кеңешинин көз карандысыз төрагасы Стивен А. Лангдын ордуна Майкл С. Парреттин келе турганын жарыялады. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө жазылган.

Маалыматка караганда, Стивен Ланг директорлор кеңешинин мүчөсү болуп кала берет. Ал 2008-жылы Centerra компаниясынын директорлор кеңешине кирип, 2012-жылдан бери төрагалык кызматты ээлеп келген.

«Директорлор кеңешинин атынан Стивенге кызматтык милдетин аткаруу маалында кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Анын жетекчилиги алдында компания ийгиликтерге жетишти, алсак Кыргызстандын өкмөтү менен бирге Стратегиялык макулудашууга кол коюу -ийгиликтин башаты болуп калды», -деди Centerra компаниясынын президенти Скотт Перри.

Майкл Парретт тоо-кен өндүрүш тармагында 35 жылдык тажрыйбага ээ.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18