24.kg
09:34, 27 сентября 2019, 24.kg

Жаш келиндин кайын журттагы жашоосу. «Келинка» сериалы көрүүчүлөргө тартууланат

Кыргыз тилинде чыккан «Келинка» сериалы октябрдан тарта көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине тасманын продюсери Мирлан Даанышман билдирди.

Айтымында, сериал бир нече сезондон турат.

«Азырынча эки жылга план бар, жумасына бирден чыгып турат. Бир сезондо 4 сериядан 12 серияга чейин болот. Учуруда биринчи сезону толугу менен даяр», -деди продюсер. 

Photo 137152

Сериалда жаш келиндин кайын журттагы жашоосу, үй-бүлөдөгү келин кайнене мамилесинен тышкары башка мүчөлөрдүн ар кандай окуялары камтылган. Андагы негизги максат- үй-бүлөдөгү маселелерди убагында чечип, бири бирин сыйлап ынтымакта жашоо.

Тартуу иштери Бишкекте болду. Режиссёрлук милдетти буга чейин «Ракета» тасмасын тарткан Эльдар Турдумамбетов аткарды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18