24.kg
09:05, 27 сентября 2019, 24.kg

Дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү Москвадан табылды. Ал өз өмүрүнө кол салган

Дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын сөөгү Москвадан табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун 1998-жылы туулган О.Б. аттуу тургуну 2017-жылы Москвага иштегени кетип ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал акыркы жолу байланышка 2018-жылдын апрель айынын башында чыккан. Туугандары тарабынан көрүлгөн өз алдынча издөө чаралары эч кандай жыйынтык берген эмес.

«2018-жылдын 12-апрелинде Москва шаарынын Измайловск паркында азият түспөлүндөгү эркектин (асынып өлүү) зомбулуктун белгилери жок өзүн-өзү өлтүргөн сөөгү табылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жөнөтүлгөн. Белгисиз адамдын өздүгү такталып, ал туугандары дайынсыз жоголду деп эсептешкен 1998-жылы туулган О.Б. аттуу болуп чыкты. 2018-жылдын июнь айынын ортосунда эч ким издөөгө албагандыктан мамлекеттин эсебинен жерге берилген», -деп билдиришти ИИМден.

Азыркы учурда эксгумациялоо жана жүк −200дү мекенине жөнөтүү үчүн туугандары тарабынан зарыл болгон документтерди даярдоо жөнүндө маселелер чечилип жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18