24.kg
17:09, 26 сентября 2019, 24.kg

Атамбаевдин иши. Бүгүн жансакчысынын бөгөт чарасы тандалат

Биринчи Май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысынын туугандары чогула башташты. Бүгүн УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевдин бөгөт чарасы тандалат. 

Канат Сагымбаевдин жактоочулары жана тарапташтары билдиришкендей, отурум саат 16:00гө пландалган. Бирок мурунку жансакчыны сотко алып келише элек. Тарапташтары жана жактоочулар отурум качан баштала турганын билишпейт.

Туугандарынын айтымында, Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасында сурак берүүдө. Соттун короосунда мурунку президенттин уулдары Кадыр жана Сейитбек да жүрүшөт.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18