24.kg
15:32, 26 сентября 2019, 24.kg

Изделип жаткан мектеп-интернатынын тарбиялануучусу Ош шаарынан табылды

Мырза-Аке айылындагы Раззаков атындагы мектеп-интернатынын тарбиялануучусу Нурдана Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

«Эртең менен кыздын энеси чалды. Айтымында, кызын башка тарбиялануучу согуп койгондуктан мектеп-интернаттан кетип калган. Ал туугандарыныкына баруу үчүн маршруткага отуруп, жолдон уктап калган. Ошко келгенде гана ойгонгон. Жергиликтүү тургундар кызды өз үйлөрүнө алып барышкан. Алар кыздын энеси менен байланышууга аракет жасашкан, бирок телефон убактылуу иштебей жаткандыктан байланыша алышкан эмес. Кийин алар энесинин кайрылуусун интернеттен окуп калышып, байланышка чыгышкан», -деди Назгүл Турдубекова.

Эске салсак, кыз 12-сентябрдан бери изделип жаткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18