24.kg
12:14, 26 сентября 2019, 24.kg

Өмүрбек Бабанов бүгүн таң эрте Москвага учуп кетти

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн таң эрте Москвага учуп кетти. Маалыматты тарапташтары тастыкташты. 

Photo 136998

Анын кетүү себеби ачык айтылган жок. Бирок, партиянын штабынан аны кайра келет деп билдиришти. «Анын чет жерге чыгуусуна тыюу салынган эмес, мындан улам өлкө ичинде жана сыртына эркин кирип чыга алат», -деп билдиришти тарапташтары.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкекке кайтып келген. Ага эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтотулса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18