24.kg
11:26, 26 сентября 2019, 24.kg

3 миң 865 даана телефонду аткезчилик жолу менен ташып бара жаткан жаран кармалды

Кордай чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери Казакстанга аткезчилик жол менен телефон алып бара жаткан 28 жаштагы кыргызстандыкты кармашты. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө таянсак, кыргызстандык жарандын унаасын текшерүү маалында 3 миң 865 даана телефон табылган. Алардын ичинен 906 даана Iphone , 2 миң 310 даана Samsung, 205 даана Redmi, 380 даана Huawei жана 64 даана Vertu телефону болгон.

Шектүүнүн унаасы Кордай райондук экономикалык иликтөөлөр департаментине өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18