24.kg
11:19, 26 сентября 2019, 24.kg

Түркия көчмөндөр оюндарын өткөрүү жерин жана убактысын белгилей элек

Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү убактысын белгилей элек. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу менен жолугушуусунда айтылды.

Тараптар Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын ѳткѳрүү боюнча макулдашууга кол коюуга даяр экендигин белгилешкен.

«Министр М.Касапоглу жакынкы арада Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын өткөрүүнүн убактысын жана жерин билдире тургандыгын маалымдады. Элчи менен министр Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы спорт тармагында өз ара кызматташууга жана тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууга келишти», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18