24.kg
10:12, 26 сентября 2019, 24.kg

Мамлекеттик кызматкерлерге элге маданияттуу мамиле жасоону үйрөтүү сунушталды

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлер үчүн жарандар менен иштерүү багытында семинарларды өткөрүп, аларды адамдарга кичипейил, маданияттуу мамиле жасоого үйрөтүшү керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Айтымында, айрым бир мамлекеттик кызматкердин жарандарга жасаган орой мамилеси бүтүндөй бир мамлекеттин абыроюна доо кетирет.

«Жарандардан мамлекеттик кызматкерлердин орой мамилеси тууралуу көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Кыйынсынып дөөгүрсүгөн айрым кызматкерлер аларга орой мамиле жасап, кагып-силкип, сөгүп-сагып мекемеден кууп чыгат экен. Ырас, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы төмөн, бирок алар дал ошол жарандардын каражатына жашап жатканын эгерим эстен чыгарбашы керек», — деди депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18