24.kg
09:41, 26 сентября 2019, 24.kg

Үч жыл мурда АКШга чыгып кеткен журналист Адилет Айтикеев грин-карта алды

Журналист Адилет Айтикеев АКШда грин-карта утуп алды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине ырастады.

Адилет Айтикеевдин айтымында, ал АКШда качкын макамын алган эмес.

«Мен качкын макамын алуу үчүн үч жылдан бери кезекте турганмын. Ошол эле учурда грин-карта алуу үчүн да кагаздарды тапшырганмын. Жакында грин-карта утуп алдым. Эми качкын макамын албайм. Ал иш жабылат. Анүстүнө Кыргызстанда дагы кырдаал өзгөрүп калбады. Мен Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда куугунтукка алынган болчумун», — дейт Адилет Айтикеев.

Журналист 2016-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Быйыл август айында, Кой-Таштагы окуядан кийин анын иниси, «Апрель» телеканалынын журналист Мирбек Айтикеев дагы АКШга кеткени айтылууда.

«Мирбек кайда жүргөнүн билбейм. Маалыматым жок, жанымда эмес», — дейт Адилет Айтикеев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18