24.kg
17:04, 25 сентября 2019, 24.kg

Закир Чотаев: Кыргызстанда окуучулар мектепке хиджаб кийип барбашы керек

Кыргызстанда окуучулар мектепке хиджаб кийип барбашы керек. Бул тууралуу парламенттик отурумда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысынын орун басары Закир Чотаев билдирди.

Бирок депутат Кожобек Рыспаевди бул жооп ыраазы кылган жок. «Мен ансыз деле светтик мектептерде хиджап кийип келбеш керектигин жакшы билем. Бирок кийип жүрүшөт го. Мен сиздердин уюм биздин кыздар чүмкөнүп албашы үчүн эмне иштерди жасап жатасыздар деп сурап жатам?», -деди депутат.

Закир Чотаев суроону Билим берүү жана илим министрлигине жолдоо керектигин айтты. Башка депутат Бекен Сыдыгалиев чет жерден диний билим алып келген кыргызстандыктар эмне себептен мекенине кайтып келгенден кийин узун рубашка кийип, сакал коюп жүргөнүнө кызыкты.

«Биз кимге кандай кийиниш керектигин айта албайбыз. Бирок бул тенденция азайып калды. Учурда алар кыргыздын улуттук баш кийимине жана узун халатка басым жасап калышты», -деди Закир Чотаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2 миң 905 диний уюм каттоодон өткөн. Алардын 2 миң 32ү мечит, 92си медресе.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18