24.kg
15:43, 25 сентября 2019, 24.kg

Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

29-30-сентябрь күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо каар жаайт.

Абанын температурасы төмөндөйт. 1-2-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18