24.kg
12:22, 25 сентября 2019, 24.kg

Жыргализм доору. Депутат Билим берүү жана илим министрлигин сынга алды

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Билим берүү жана илим министрлигин сынга алды. Бүгүн депутаттар өлкө мектептериндеги милдеттүү ысык тамак тууралуу мыйзамды талкуулап жатышат.

Камчыбек Жолдошбаевдин айтымында, профилдик ведомствонун аткаминерлеринин баары кооз сүйлөйт.

«Силерди угуп отурсак, бизде жыргализм доору сүрүп жатат. Бирок, чынында такыр андай эмес. Мен Ат-Башы районундагы мектепте болдум. Ал жакта сиздер айтып жаткандын бири да жок. Эч кандай ашкана, заманбап жабдыктар жок. Жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү аталган мектептерди барып көргөн да эмес», -деди Камчыбек Жолдошбаев.

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү аталган окуу мекемесин текшерүүгө убада кылды.

Бүгүнкү күндө 625 миң 767 бала окуган (1-класстын окуучулары) 2 миң 265 жалпы билим берүү уюмдарында жана 1 миң 371 мектепте (1-4-класстын окуучулары) ысык тамак уюштурулган. Бул мектептердин 60 пайызын түзөт. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн. Дагы кошумча 88 миллион сом каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18