24.kg
09:53, 25 сентября 2019, 24.kg

Москвада кыргызстандык чогуу жашаган аялды өлтүргөн деп шектелүүдө

Москва облусунда 54 жаштагы кыргызстандык чогуу жашаган аялды өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, августтун акырында Москва облусунда унаа токтотуучу жайдын аймагынан 51 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылган. Экспертиза анын киши колдуу болуп өлгөнүн аныктаган.

«Аялды муунтуп өлтүрүшкөн. Факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 54 жаштагы А.А. кармалды. Ал Ош облусунун тургуну болуп чыкты», -деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка таянсак, шектүү аял менен уруша кетип муунткан. Урушка кызганыч себеп болгон. Шектүү из жашырып качып кетип, ага издөө жарыяланган болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18