24.kg
09:22, 25 сентября 2019, 24.kg

Композитор жана дирижёр Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет

СССРдин эл артисти, композитор жана дирижёр Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда министр Азамат Жаманкулов баштаган маданият мекемелеринин жетекчилери, кесиптештери, туугандарынын катышуусу менен Ала-Арча көрүстөнүндө маркумдун эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окутулат.

Мааракелик иш-чара саат 14:00дө Улуттук филармонияда уланат.

Калый Молдобасанов 1929-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган. 1954-1972-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр болуп эмгектенген. Ал 2006-жылы 77 жаш курагында дүйнө салган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18