24.kg
17:14, 24 сентября 2019, 24.kg

Кыргызстан Минамет конвенциясына кошулбаса сымап чогулткан өлкөгө айланат

Кыргызстан Минамат конвенциясын ратификациялабаса сымап кошулмасы бар товарларды чогулткан өлкө болуп калат. Бул тууралуу депутат Рада Туманбаева 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда сымапка байланыштуу проблемаларды анализдөө, мониринг жүргүзүү боюнча иштер аз, атайын лабораториялар жок. Андан сырткары, Кыргызстанда сымап курамында бар товарларды жөнгө салган, өндүрүш калдыктарын тескей турган мыйзам жок.

«Сымап биринчи класстагы коркунуч туудурган химиялык элемент экенин караган мыйзамдардын жоктугу да көйгөй жаратууда. 2020-жылы бажы тармагы боюнча дагы жаңы техникалык регламент иштеп баштайт. Ага Экономика министрлиги өзгөртүүнү иштеп чыгууда. Бирок, бүтө элек.  Декабрь айына чейин даярдашы керек. Кыргызстан бул багытта кечигип жатат. Ошондуктан жакынкы арада Минамат конвенциясын ратификациялай турган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылат», — дейт депутат.

Рада Туманбаева конвенция кабыл алынбай калса, 2020-жылдан баштап эле кесепети тийет. Белгилей кетүүчү жагдай, конвенцияны ишке ашырууга акчаны Глобалдык экологиялык фонд бөлөт.

Photo 136709

Маалымат үчүн: Минамат конвенциясы — адамдардын ден соолугун жана айлана чөйрөнү зыяндуу заттардан коргоого багытталган өлкөлөр арасындагы эл аралык келишим. Ал 2013-жылдын 10-октябрында кабыл алынган. Учурда 128 мамлекет аны колдоп, 98 өлкө бул документти ратификациялаган. Анын ичинде ЕЭАСке кирген Россия, Беларусь, Армения да келишимди колдогон. Бул эл аралык келишимге ылайык, 2020-жылы сымап курамында бар продуктуларды импортоого, экспортоого жана өндүрүүгө тыюу салынат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18