24.kg
14:25, 24 сентября 2019, 24.kg

Кийинки жылдан тарта өлкө аймагында мунайзаттардын жүгүртүлүшү көзөмөлдөнөт

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында (АМС) мунайзаттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонула баштайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Мындай кадам мунай жана мунайзаттарды казып алууда, өндүрүүдө, ташып келүүдө, сатууда өлкөнүн аймагында мунайзаттардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө максатында белгиленүүдө.

«Алсак, дүң сатуу менчик укугуна же башка мыйзамдуу негиздерде мунай заттардын же резервуарлардын базасы болгон шартта гана ишке ашырылат. Ал эми контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасы менен камсыз болгон шартта гана АМСте чекене сатууга болот. Мунай жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата жаңы талаптарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан өлкө аймагындагы май куюучу станцияларда мунай заттарды чекене сатуу менен алектенген бардык ишкердик субъекттер АМСте мунайзаттарды берүүнүн автоматташтырылган эсепке алуу системасын колдонууга милдеттүү болот», -деп айтылат маалыматта.

Мунай заттарды өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъекттер салык кызматынын маалыматтык системасынын өздүк кабинети аркылуу технологиялык тизмек боюнча мунай заттарды жүктөө үчүн электрондук коштомо кагазды тариздеши керек. Электрондук коштомо кагаз мунай зат, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыйт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18