24.kg
12:23, 24 сентября 2019, 24.kg

Алматыдагы вебкам-студиядан кыргызстандык кармалды

Алматыдагы вебкам-студиядан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКсы жазды.

Маалыматка караганда, Алматыда көмүскө иштеген жай табылды. Анда кыздар виртуалдык түрдө интимдик кызмат кылып жүрүшкөн. Баардык кыздар жана техникалык колдоону камсыздап келген кыргызстандык программист кармалды.

Студия ижарага алынган элиталык батирде жайгашкан. Ал эми кызматкерлерди «моделдик келбетке ээ болгон кыздар жогорку маяналуу кызматка кабыл алынат» деген жарнама менен кабыл алып келишкен.

Сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалгандар процессуалдык тартипте суракка алынып, жоопкерчилигине жараша чаралар көрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18