24.kg
11:57, 24 сентября 2019, 24.kg

Президент: Былтыр Түркиядан 93 миллион доллардан ашык инвестиция келген

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда айтты. 

Photo 136644

Мамлекет башчысы эки өлкөлөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлүп, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенин белгиледи.

«Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат. Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 миллион доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 миллион доллардан ашат», — деп белгиледи президент.

Ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын баса белгиледи. 

Photo 136645

«Эрдоган мырза менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары азыркы 400 милллион доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү абзел», — деп айтты ал.

Сооронбай Жээнбеков бизнести каттоону жөнөкөйлөштүрүү, жаңы түзүлгөн ишканаларды 3 жылга текшерүүдөн бошотуу, негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу, салык ставкаларын төмөндөтүү жана башка инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү багытындагы иш-аракеттер жөнүндө айтып берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18