24.kg
11:07, 24 сентября 2019, 24.kg

Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Эстонияда жүрөт

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Эстония Республикасында жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Сапардын алкагында Кубатбек Боронов жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүүгө ниеттенишүүдө.

Белгилей кетсек, өлкөдө жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бүгүнкү күнү Эстонияда 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан 79 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн.

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү өлкө парламентинде, Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясында бир катар жолугушууларды өткөрүп, алардын жүрүшүндө административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү иштеринин негизги багыттары талкууланды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18