24.kg
09:10, 24 сентября 2019, 24.kg

Пара талап кылышкан. Чек ара кызматынын кызматкерлери күнөөлүү деп табылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Пара алуу» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча Чек ара кызматынын кызматкерлерин күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Токмок автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунан чек ара кызматкерлери мыйзамсыз суу май алып өтүүгө аракет кылган аялдан пара талап кылышкан.

«Бөлүм башчы С.А. Казакстандын жараны документи жок жүк алып келе жатканын А.Н. аттуу кесиптешине айткан. А.Н. аялдан пара талап кылып, жүгүн артка кайтарабыз деп коркутушкан», -деп айтылат маалыматта.

С.А. 2 миллион сом, А.Н 2 миллион 260 миң сом айып төлөмөй болушту.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18