24.kg
08:44, 24 сентября 2019, 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолунда катталган кырсык бир адамдын өмүрүн алды

Бишкек—Ош унаа жолунда катталган кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 1989-жылы туулган тургуну «ДАФ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Оштон Бишкекти көздөй башкарып бара жаткан. Ал бурулушка келгенде белгисиз себептерден улам, чиркегичи сол капталына жыгылып, сүрүлүп барып, жолдун жээгинде турган «БМВ 520» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Андан кийин жүк ташуучу унаа Ошту көздөй бара жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу Токтогул райондук ооруканасына келгенде каза болду.

Окуя Бишкек—Ош унаа жолунун 250-чакырымында катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18